Бүгүн Бишкектин айрым көчөлөрү футболдук беттештен улам жабылат
RU

Бүгүн Бишкектин айрым көчөлөрү футболдук беттештен улам жабылат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 30-августта Бишкектеги айрым көчөлөр убактылуу жабылат. Милициянын кайгуул кызматынан Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо футбол оюну өтөрүн, мындан улам жолдор жабыларын айдоочуларга эскертет.

Саат 14:00дөн 23:00гө чейин:

  • Тоголок Молдо көчөсү - Чүй кең көчөсүнөн Фрунзе көчөсүнө чейин;
  • Фрунзе көчөсү - Тоголок Молдо көчөсүнөн Панфилов көчөсүнө чейин жабык болот.

Белгилей кетсек, өлкөнүн көз карандысыздыгынын 31 жылдыгына карата бүгүн футболдук беттеш болот. Анда Кыргызстандын ардагерлер курама командасы менен КМШ өлкөлөрүнүн футбол боюнча ардагерлер командасы беттешет. Бул оюнга президент Садыр Жапаров да катышат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8126