Садыр Жапаров эртең ардагерлер менен футбол ойнойт
RU

Садыр Жапаров эртең ардагерлер менен футбол ойнойт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын ардагерлер курама командасынын катарында КМШ өлкөлөрүнүн футбол боюнча ардагерлер командасы менен беттешет. Бул туурасында президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Белгилүү болгондой, өлкөнүн көз карандысыздыгынын 31 жылдыгына карата футболдук беттеш уюштурулду. Спорттук иш-чара 30-августта борбор калаадагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт. Саат 18:00дө концерттик программа болуп, саат 20:00дө футболдук беттеш башталат. Кирүү акысыз.

КМШ өлкөлөрүнөн келген футболдун ардагерлеринин командасында Ринат Дасаев, Дмитрий Аленичев, Александр Азимов, Егор Титов, Хорен Оганесян, Марат Кабаев, Мухсин Мухамадиев, Евгений Алдонин, Эрик Яхимович жана башкалар бар. Ал эми Кыргызстандын футбол боюнча ардагерлеринин курамасында Владимир Орешин, Закир Джалилов, Комол Тайчиев, Сергей Фокин, Нематжан Закиров, Ясын Мусаев, Валерий Березовский, Марлен Касымов, Сергей Лисичкин, Вячеслав Прянишников жана башкалар. Команданын башкы машыктыруучусу Борис Подкорытов.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8121