Психикалык жактан жабыркайт. "Жунхай" базарына барган казак жараны дайынсыз болууда
RU

Психикалык жактан жабыркайт. "Жунхай" базарына барган казак жараны дайынсыз болууда

Все самое интересное в Telegram

Бишкекте 17 жаштагы Ильяс Абдуллаев аттуу казак жараны 2 күндөн бери дайынсыз болууда. Ал "Жунхай" базарында жүргөндө белгисиз тарапка кеткен боюнча табылбай жатканын Свердлов РИИБден маалымдашты.

Белгилүү болгондой, 28-августта М.З. аттуу шаар тургуну милицияга кайрылган. Ал 17 жаштагы жээни Ильяс Абдуллаев ошол күнү саат 12:00-13:00 аралыгында "Жунхай" базарында жүргөндө белгисиз тарапка кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын айткан.

Учурда өспүрүм табылбай жаткандыктан жакындары жана милиция коомчулуктан жардам сурайт.

Изделип жаткан өспүрүмдүн белгилери: Бою 160 сантиметр, арык, чачтары кара, кыска, оозунун сол тарабында калы бар. Өзгөчө белгилери - психикалык жактан жабыркайт, адамдар менен сүйлөшүүдө өзүн агрессивдүү алып жүрөт.

Ошол күнү кийип жүргөн кийимдери - спорттук шым, кара түстөгү футболка, башында ак түстөгү баш кийим.

Эгерде изделип жаткан жаранды көргөн, билгендер болсо төмөнкү номерлерге кабар берип коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт. Байланыш номерлери: 0 557 11-94-10, 0 701 28-28-09, 0 702 49-8888 жана 102.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8128