Кафеден чыккан боюнча дайынсыз болуп жаткан кыз үйүнө барды
RU

Кафеден чыккан боюнча дайынсыз болуп жаткан кыз үйүнө барды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте кафеден чыккандан кийин дайынсыз болуп изделип жаткан өспүрүм кыз табылды. Ал кечээ кечинде үйүнө барганын Ленин РИИБден билдиришти.

Мекеменин маалыматына ылайык, 16 жаштагы Айсулуунун ата-энеси милицияга чалып, кызы саат 21:00 чамасында аман-эсен үйүнө барганын айткан.

Белгилей кетсек, өспүрүм кыздын апасы 24-августта милицияга кайрылып, 2006-жылы туулган кызы 23-августта саат 20:00 чамасында кафеден чыккан бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8088