Владимир Путин Садыр Жапаровго баалуу металл менен кооздолгон кылыч белек кылды
RU

Владимир Путин Садыр Жапаровго баалуу металл менен кооздолгон кылыч белек кылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Владимир Путин Садыр Жапаровго белекке кылыч берди. Баалуу тартуунун сүрөтү президенттин Telegram-каналына жарыяланды.

Мындан мурун, Жапаров өзүнүн интервьюларында россиялык кесиптешине колго жасалган кылычты белекке бергенин айткан.

"Мен россиялык президент Владимир Путинге колго жасалган кооз кылычты белекке бердим. Аны Кыргызстандын мыкты чеберлери жасашты", - деп айтып берген.

Белгилүү болгондой, Путин да ага кылыч тартуулады.

"Баарынан кызыгы, Владимир Владимирович Путин дагы Садыр Нургожоевичке баалуу металлдар менен кооздолгон кылыч белек кылганы кызык болду. Президенттик протокол кызматы белектерди дайыма кылдаттык менен ойлонуп, аны ар бир персона үчүн тандап эрте эле камдашат. Эки өлкө президенттеринин бири-бирине курал бериши чоң жана тарыхый мааниге ээ", - деп билдирүүдо жазылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/820