Next TV телеканалынын директорун жети жылга эркинен ажыратуу сунушталды
RU

Next TV телеканалынын директорун жети жылга эркинен ажыратуу сунушталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 5-сентябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Next TV телеканалынын башкы директору Таалай Дүйшөнбиевдин үстүнөн козголгон иш боюнча соттук отурум уланды.

Жыйындын жүрүшүндө мамлекеттик айыптоочу Таалай Дүйшөнбиевдин күнөөсү толук далилденгенин айтты.

Прокурор Таалай Дүйшөнбиевди жети жылга эркинен ажыратып, түзөтүү колониясында өтөөнү суранды.

"Социалдык тармактарда "Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы башчысы Мусаев Тажикстан менен Кыргызстан Россияга аскердик жардам көрсөтүүгө даяр экенин билдирди" деген макала жарыяланган. Бул материал коомчулукта резонанс жаратып, посттун астында терс пикирлер жазылган.

Материалдарда улуттар аралык кастыкты козутууга багытталган аракеттердин белгилери бар деп жазылган", - деди прокурор.

Эске салсак, 3-мартта Next TV телеканалынын директору Таалай Дүйшөнбиев кармалып, эки айга УКМКнын СИЗОсуна камалган.

Журналисттик иликтөөлөр фонду маалымат каражаттарына кысым көрсөтүүнү токтотууга чакырды. Ал эми акыйкатчы УКМК менен сот органдарынан журналисттердин эркиндигин урматтоону суранган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8220