Next TV'нин журналисттери жана бухгалтер сурак берүүдө
RU

Next TV'нин журналисттери жана бухгалтер сурак берүүдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Next TV каналынын журналисттери, бухгалтер жана башка мүчөлөрү УКМКда сурак берип жатышат", - деп каналдын продюсери Өмүрбек Сатаев билдирди.

Анын айтымында, ал өзү дагы жакында эле УКМКнын тергөөчүсүнө сурак берип, маалыматты жайылтпоо тууралуу кагазга кол койгон.

"Азыркы учурда УКМКда бухгалер, пландык инженер жана эки журналист бар", - дейт Сатаев. Андан тышкары, телеканалдын офис жана студиясына УКМКнин кызматкерлери мөөр басып кетишкен.

"Эч кандай себеп деле жок болчу, эмне үчүн каналдын иштөөсүнө тыюу салынды түшүнүксүз. Жеке ноутбуктарыбыз да бекитилген кабинетте калды. Мындан ары эмне кылышты билбей турабыз", - дейт Сатаев.

Продюсердин айтымында, УКМК айтып жаткан материал социалдык тармактарга чыккан, каналдын буга кандай тиешеси бар билбейт.

Эске салсак, УКМК Next TV телеканалына каршы "Улут аралык кастыкты козутуу" беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Мамлекеттик комитеттин маалыматы боюнча телеканал Казакстандын атайын кызматынын мурунку жетекчисине шилтеме берип, Казакстан менен Кыргызстан Украинада өткөрүлүп жаткан атайын операцияны жүргүзүүгө Россияга жардам берет, деп жазган.

Равшан Жээнбековдун пикири боюнча, кылмыш иши негизсиз козголгон. Анын айтымында, бул телеканалды кысымга алуу аракети. Атайын кызматтын кызматкерлери телеканалдын генералдык директору Таалай Дүйшөнбиевди камакка алган. Ал соттун чечими менен 3-майга чейин СИЗОго жөнөтүлдү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5859