Москвада Садыр Жапаровду сындаган жаран кармалып Кыргызстанга жөнөтүлдү
RU

Москвада Садыр Жапаровду сындаган жаран кармалып Кыргызстанга жөнөтүлдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бийликти сындаган кыргызстандык Эмил Бекиев Россиянын Федералдык коопсуздук кызматы тарабынан Москвада кармалып, Кыргызстанга жөнөтүлдү. Кайтып келери менен милиция кызматкерлери кармап кеткен. Бул тууралуу активисттин жакындары билдирди.

Бекиев Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин өкмөтүн сындап, ошондой эле шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын билдирген плакаты менен Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин алдына митингге чыккан.

"Бекиев Россия Федерациясынын ФСБсы тарабынан 2022-жылдын августунда кармалган. Аны Россиянын жарандыгынан ажыратууну сунушташкан. Ал Россиянын мыйзамдарын бир нече жолу бузган деп жатышат. Андан сырткары Кыргызстанда ага карата кылмыш иши козголду", - деп билдирди тарапташтары.

Маалым болгондой, ал бүгүн, 7-сентябрда таң эрте Россиядан "Тамчы" аэропортуна учуп келип, милиция кызматкерлери тарабынан кармалган.

"Биз анын кайда жүргөнүн жана эмне үчүн кармалганын билбейбиз. Ал туугандары жана достору менен жолуга алган жок", - дешти алар.

Айрым маалыматтарга караганда, Бекиев саясатчы Адахан Мадумаровдун жактоочусу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8253