Президент "крыша" болом деген чиновниктерге катуу эскертүү берди
RU

Президент "крыша" болом деген чиновниктерге катуу эскертүү берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-июлда өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары боюнча министрлер кабинетинин жыйынын өткөрүүдө. Анда мамлекет башчы чиновниктерге катуу эскертүү берди.

Айтымында, күч түзүмдөрү контрабанда, коррупция менен аёосуз күрөшүп жатат.

"Крыша болуу"деген түшүнүктү таптакыр жок кылып жатабыз! Урматтуу министрлер, бардык мамлекеттик органдардын жетекчилери, аймак жетекчилери, сиздерге катуу эскертерим:

Кимде-ким туура эмес иштерге аралашып, бирөөлөргө "крыша" болуп же мамлекетке каршы иштердин аркасында турчу болсоңуздар, эч кимиңерди ушул кезге чейинки кылган бардык сиңирген эмгегиңерге карабайбыз! Өтө катуу жана катаал чараларды көрөбүз.

Биздин мамлекетте коом өтө ачык, эч нерсени жаап-жашыра албайсыңар.Текшерүүчү органдардын оозун жапканыңар менен эл өзү ачыктап, туура-туура эместигин териштирип, алаканыбызга салып берет.

Ушул жерде отурган бардык жетекчилердин кулагына күмүш сырга, биз кабыл алган чечимдердин бардыгы сиздердин колдон жалпыланып анан кабыл алынат.

Жүзүбүз ар дайым жарык болсун десеңер эл үчүн, мамлекет үчүн ак дилиңерден таза иштешиңерди катуу талап кылам.

Садыр Жапаров бийликке эл үчүн иштейли деп келгендерин, башка маселелерге убакытты да, ресурстарды да коротуунун кереги жок экенин кошумчалады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7524