Бейшеналиев иштен кетирген Сабырбек Жумабеков кайрадан директор болуп калышы мүмкүн
RU

Бейшеналиев иштен кетирген Сабырбек Жумабеков кайрадан директор болуп калышы мүмкүн

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 7-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында саламаттыкты сактоо министри кызматына Гүлнара Баатырованын талапкерлиги каралып жаткан учурда депутат Марат Мураталиев экс-министр Алымкадыр Бейшеналиев директорлуктан алган Сабырбек Жумабеков тууралуу сурады.

Саламаттыкты сактоо министри Жумабеков өлкөдөгү эң мыкты травматолог жана башка мамлекеттерге да таанымал экенин айтты.

"Мындай кадрлардын тажрыйбасын пайдаланып, эмгегин баалай билишибиз керек. Борбордун кызматкерлеринин бир бөлүгү Улуттук госпиталга, кээ бирлери Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасына кайрылышты. Мен травматологдорду чогултуп, бул маселени дагы бир жолу карап чыгуу керек деп ойлойм", - деди талапкер.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8260