Бейшеналиев: Жумабековдун шакирттери дүйнөлүк деңгээлге чыкса асынып алганга даярмын
RU

Бейшеналиев: Жумабековдун шакирттери дүйнөлүк деңгээлге чыкса асынып алганга даярмын

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев БНИЦТОдо диссерациясын жактагандардын жогорку деңгээлине ишенбейт. Бул тууралуу ал Kaktus.kg'ге берген түз эфири учурунда айтып берди.

Анын айтымында, БНИЦТОдо диссертациясын жактагандар эч качан дүйнөлүк деңгээлге чыга алышпайт.

"Эгер алар дүйнөлүк деңгээлге чыгып, Кембридж университетине кирсе, силер мага ошону далилдеп берсеңер, анда мен асынып алам. Жөн эле отставкага кетип калбайм. Мен илим жолунда жүргөн кишимин, академиянын мүчөсүмүн, доктормун, профессормун. Мен диссертацияны 30 жыл жазгам, анын кандайча жазылышын билем. Ошондуктан айткандарым үчүн жооп берем", - деп Алымкадыр Бейшеналиев ишендирди.

Саламаттыкты сактоо министри алардын илим чөйрөсүндө жол таап кетишине ишенбегенин, анткени ар бирин жакындан таанып, деңгээлин жакшы биле тургандыгын кошумчалады.

Эске салсак, февралдын башында Саламаттыкты сактоо министрлиги БНИЦТО кайра түзүлүп, анын ордуна тез жардам ооруканасы пландалып жатканын жарыялагандан кийин чатак чыккан. Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы Алымкадыр Бейшеналиев академик Сабырек Жумабеков оорукананы менчиктештирип, жакындарын жумушка алган, андан тышкары "өз чөнтөгүнө" гана иштеп жатат деп айыптады. Жумабеков өзүнө тагылган айыптарды четке кагып, министр медициналык мекемеге мас абалында келгенин да билдирди. Андан кийин ал президентке да кайрылган.

Бирок, Бейшеналиев кайра уюштуруу тууралуу буйрукка кол коюп, жаңы директор кылып Гулия Кожокматованы дайындаган. Буга жооп иретинде борбордун кызматкерлери Бейшеналиевди кызматтан алуу, ошондой эле Сабырбек Жумабековду кызматында калтыруу талаптары менен Саламаттыкты сактоо министрлигине митингге чыгышкан. Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы кетпей турганын жана БНИЦТиОну кайра түзүү жөнүндөгү буйрукту жокко чыгарбай турганын билдирди.

8-февралда атайын комиссия түзүлүп, Саламаттык министрлиги буйрукка өзгөртүү киргизип, директордун кызматын жоюп салган. Буйрукка ылайык, Тезз жардам ооруканасын башкы дарыгер Дамир Дүйшенов жетектейт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5826