"Каралоо үчүн жасалган иш". Доскул Бекмурзаев козголгон кылмыш иштери боюнча үн катты
RU

"Каралоо үчүн жасалган иш". Доскул Бекмурзаев козголгон кылмыш иштери боюнча үн катты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Энергетика министри Доскул Бекмурзаев Башкы прокуратура тарабынан козголгон кылмыш иши боюнча кайрылуу жасады. Анын билдирүүсү социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.

"Кылмыш иштеринин экөө тең кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды деген негизде экен. Бирок, мунун баарын мен, менин атымды каралоо үчүн жасалган кыңыр иш деп эсептейм", - дейт ал.

Айтымында, бут тосуулар болуп жатат. Бирок тоскоолдуктар аны токтото албай турганын, ишин уланта берерин белгиледи.

"Сиздерге кайрылып жатканымдын себеби - сиздер мени колдоп келгенсиздер, азыр деле таянычым болуп кала бересиздер! Министрликти башкаруу оңой иш эмес. Садыр Нургожоевичтин мага берген тапшырмасы - көптөгөн жылдар бою өлкөнүн сапатсыз башкарылып сазга баткан экономикалык секторуна олуттуу реформа жүргүзүү болгон. Аталган тармактын иши көптөгөн жылдар бою туура эмес жүргүзүлгөн. Мындай шарттарда жемкорлук иштери гүлдөп, анын кесепетинен кыргыз эли жапа чегип келген.

Өтө жоопкерчиликтүү кызматка келүү менен мен жаңы, жаркын келечекке жол баштап, энергетика тармагын модернизациялоого бар күчүмдү жумшагам. Аталган секторду ирээтке келтирүүгө болгон аракетим жана андагы чоң өзгөрүүлөр көмүскөдө калып калбайт деп ишенем. Мунун баары айрым бирөөлөргө жакпагандыктан, кээде кайсы бир таасирдүү адамга бут тосуулар болуп, кээде мунун айынан бир нече адамдын же бир топтун кызыкчылыгы тебеленет тура. Мен бул жолдун татаал болорун билгем жана ою жаман адамдарды басып өтөм деп ишенем! Бул тоскоолдуктар мени токтото албайт! Мен муну менен жеңилип отуруп калбастан, ишимди уланта берем", - деп айтылат кайрылууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8355