Доскул Бекмурзаевге карата 2 кылмыш иши козголду
RU

Доскул Бекмурзаевге карата 2 кылмыш иши козголду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Башкы прокуратура тарабынан энергетика министри Доскул Бекмурзаевге кылмыш иши козголду. Башкы көзөмөл органынын маалыматына караганда, Бекмурзаевге кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча 2 кылмыш иши ачылды.

Андагы маалыматта Доскул Бекмурзаев 2021-2022-жылдары кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, кызматтын кызыкчылыгына каршы, тийиштүү тармакта адис эмес кызматкерлерди мамлекеттик бюджеттин эсебинен Бириккен Араб Эмираттарына, Түркияга, Өзбекстанга жана Россияга болгон чет өлкөлүк кызматтык иш сапарларына негизсиз жөнөтүп, натыйжада мамлекетке олутуу материалдык зыян келтирилгени аныкталганы айтылат.

Ошондой эле министр кызмат абалынан пайдаланып, "Теплые ключи" ден соолукту чындоо комплексинин объекттерин капиталдык оңдоодо "Б." ЖЧКга жалпысынан 15 миллион сомдон ашык зыян келтирилген.

"Натыйжада Доскул Бекмурзаевдин кылмыштуу аракеттери менен мамлекеттин жана жеке адамдардын кызыкчылыктары одоно түрдө бузулуп, ири өлчөмдө зыян келтирилген", - деп айтылат Башкы прокуратуранын маалыматында.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8342