Баткенде танктын ичинде тирүүлөй күйүп кеткен 3 жоокер акыркы сапарга узатылды
RU

Баткенде танктын ичинде тирүүлөй күйүп кеткен 3 жоокер акыркы сапарга узатылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 25-сентябрда "Ата-Бейит" комплексинде Баткенде чек араны коргоп жатып курман болгон аскер кызматкерлери үчүн митинг-реквием өтүп, танктын ичинде тирүүлөй өрттөлгөн экипаждын үч мүчөсүнүн сөөгү жерге берилди. Бул туурасында президенттин администрациясынан кабарлашты.

14-17-сентябрда Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасындагы окуялардын жүрүшүндө курман болгон УКМКнын Чек ара кызматынын аскер кызматкерлери – танк экпиажынын мүчөлөрү Шерали Анаркуловдун, Санжарбек Анаркуловдун жана Жаңыбай уулу Тилектин сөөгү жерге берилди. Коштошуу зыйнатына президент Садыр Жапаров катышты.

Экипаждын үч мүчөсү аткылоонун натыйжасында танктын ичинде тирүүлөй күйүп кетишкен. Сөөктөрдү аныктоо үчүн тийиштүү экспертизалар жасалган.

Мамлекет башчысы курман болгондордун жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, митинг-реквием өттү.

Kaktus.kg сайты каза болгондордун үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8602