Депутаттын үйү жайгашкан көчөдөгү 61 тосмо түрттүрүлдү
RU

Депутаттын үйү жайгашкан көчөдөгү 61 тосмо түрттүрүлдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин Шүкүров көчөсүндөгү 61 тосмо түрттүрүлдү. Тосмолордун ордуна тротуар курулат дешет шаардык мэриянын маалымат кызматынан.

Муниципалдык инспекция тарабынан Шүкүров көчөсүндө муниципалдык аймакка чыгып кеткен капиталдык тосмолорду жана жеңил курулуш объектилерин тазалоо уланууда.

Жолду реконструкциялоо иштери аяктап, асфальт төшөлдү. Бирок тротуарларды куруу үчүн муниципалдык аймакка кирип, курулушка тоскоол болгон тосмолорду бузуу зарылчылыгы келип чыкты. Бүгүнкү күндө инспекция тарабынан 61 объект (тосмо, дарбаза, тосмолор, бастырмалар, гараждар) бузулду. 29-сентябрда инспекция №166 үйдүн капиталдык тосмосун түрттүрдү.

Мэриядан дагы 10 тосмо калганын, муниципалдык инспекция объект ээлерине каршы сотко доо арыз менен кайрылганын кошумчалашты.

Буга чейин депутат Элмурза Сатыбалдиевге таандык деген үйдүн дарбазасын бузуу иштери жүргөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8665