Депутаттын үйүнүн тосмосу кулатылды
RU

Депутаттын үйүнүн тосмосу кулатылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн 29-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаты Элмурза Сатыбалдиевге таандык деген үйдүн дарбазасы сүрдүрүлдү.

Сүрдүрүүнүн себеби депутаттын дарбазасы "кызыл тилкеден" ашырылып курулган. Андан башка Шүкүров көчөсүндө жайгашкан 71 тосмо бузулууда. Анткени бир убакта тургундар өз тилкелеринин чегинен чыгып, муниципалдык жерлерге имараттарды тургузушкан. Азыр жолдорду, тротуарларды, ирригациялык тармактарды куруу максатында мунун баары бузулуп жатат.

Белгилей кетүүчү нерсе дарбазасы буздурулган депутаттын үйү менчик бала бакча катары иштеп жатканын көрүүгө болот.

Эске салсак, Жакында Жогорку Кеңеште жолдорду реконструкциялоо, үйлөрдү бузуу маселеси талкууланган учурда вице-мэр Нурдан Орунтаевдин сүйлөгөнү Элмурза Сатыбалдиевге жакпай экөө айтыша кеткен. Депутат вице-мэрди сыйлабаса өзү сыйлаттырып аларын айткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8656