Алмазбек Бейшеналиевден Кыйноолордун алдын алуу борборунун кыматкерлери кабар алды
RU

Алмазбек Бейшеналиевден Кыйноолордун алдын алуу борборунун кыматкерлери кабар алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Убактылуу кармоочу жайга киргизилен билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевден Кыйноолордун алдын алуу улуттук борборунун кызматкерлери кабар алды.

Аталган борбордон билдиришкендей, 29-сентябрда Бишкек шаарындагы убактылуу кармоочу жайда профилактикалык иштер жүргүзүлгөн. Анда 29 адам болсо, анын төртөө аял киши.

"Ошол эле кармоочу жайга киргизилген министр Алмазбек Бейшеналиев менен кыйноолорго каршы күрөштүн кызматкерлери жолугушту. Жеке сүйлөшүүдө министр астма менен ооругандыктан жанында болгон дарыларды колдонууга уруксат берилгенин айтты. Кыйноо же катаал мамиле боюнча эч кандай арыз түшкөн жок", - дешет мекемеден.

Белгилей кетсек, Алмазбек Бейшеналиев өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылуу фактысы боюнча иликтенип жаткан кылмыш ишинин алкагында кармалган. 29-сентябрда убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8666