Алмазбек Бейшеналиев убактылуу кармоочу жайга киргизилди
RU

Алмазбек Бейшеналиев убактылуу кармоочу жайга киргизилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Пара алууга шектелген билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Бишкек шаарындагы убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматы билдирет.

"Учурда чет өлкөлүк студенттерди жогорку окуу жайларга кабыл алууда өзгөчө ири өлчөмдө (110 000 доллар) пара алуу фактысы иликтенүүдө. Пара алуу фактысы ар тараптуу, дыкат жана акыйкат иликтенүүгө алынып, бардык жагдайлар тастыкталууда. Кармалган министрдин баш коргоо чарасы жакынкы күндөрдө сот органдары тарабынан аныкталат", - дешет мекемеден.

Белгилей кетсек, Алмазбек Бейшеналиев өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылуу фактысы боюнча иликтенип жаткан кылмыш ишинин алкагында кармалган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8657