Эми Илья эмес. Варламов социалдык баракчасындагы ысымын Ылья деп өзгөрттү
RU

Эми Илья эмес. Варламов социалдык баракчасындагы ысымын Ылья деп өзгөрттү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанга келген россиялык блогер Илья Варламов социалдык тармактагы баракчасындагы ысымын Ылья деп өзгөрттү. Анын бул аракетине социалдык тармактын колдонуучулары ар кандай пикирлерин жазышып "эми Ылья Варлам уулу деп паспорт алып алсын" дешти. Ал эми айрымдары Кыргызстанды тандаганына кубангандарын жашырышкан жок.

Илья Варламов саясатчылар дүйнөнү жок кылууну чечсе Кыргызстанга отурукташып каларын жазды. Тагыраагы, ал дем алыш күндөрү Ысык-Көлгө барып, тоого чыкканын айтты.

"Тоодо байланыш жок болгондуктан үчүнчү дүйнөлүк согуш башталып кетет деп кооптондум. Бир учурда айланамды карап, тоодо жүргөндө бул кабарлардын баары таптакыр маанилүү эмес экенин түшүндүм. Саясатчылар дүйнөнү жок кылууну чечсе, Ысык-Көл калат, а мен бул жерге отурукташып калам", - деп жазган Варламов.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8684