Кыргыз-Азербайжан өнүктүрүү фонду түзүлөт. Президенттер кандай документтерге кол коюшту?
3002
Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапарынын алкагында кыргыз-азербайжан биргелешкен кызматташтыгын чыңдоого багытталган бир катар документтерге кол коюлду.
Ага ылайык, Садыр Жапаров менен Ильхам Алиев эки өлкөнүн Мамлекеттер аралык кеңешинин биринчи отурумунун чечимине кол коюшту.
slide 3 of 2
Мындан тышкары төмөнкү документтерге кол коюлду:
- Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети менен Азербайжан өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-Азербайжан өнүктүрүү фондун түзүү (штаб-квартирасы Бишкекте жайгашат) жөнүндө макулдашуу;
- Министрлер кабинети менен Азербайжан өкмөтүнүн ортосундагы өсүмдүктөрдүн карантини жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Азербайжандын Тышкы иштер министрлигинин ортосундагы 2023-2025-жылдарга кызматташуу программасы;
- Министрлер кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду менен Азербайжандын Эмгек жана калкты социалдык жактан коргоо министрлигинин ортосундагы милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жаатында кызматташуу жөнүндө протокол;
- Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен Азербайжандын Экология жана жаратылыш ресурстары министрлигинин ортосундагы курчап турган чөйрөнү коргоо жана өз ара түшүнүшүү жаатында кызматташуу жөнүндө меморандум;
- Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы менен Азербайжан Республикасынын Чакан жана орто бизнести өнүктүрүү агенттигинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
- Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы менен Азербайжан Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын ортосундагы кызматташтык жөнүндө өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
- Бишкек шаары менен Баку шаарынын ортосунда бир тууган шаар мамилелерин түзүү жөнүндө өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/8825