Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы биринчи жыйын тар курамда өттү
RU

Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы биринчи жыйын тар курамда өттү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров менен Азербайжандан президенти Ильхам Алиев бүгүн, 11-октябрда мамлекеттер аралык кеңешинин биринчи жыйынын тар курамда өткөрүштү.

Мамлекет башчылары кыргыз-азербайжан эки тараптуу кызматташтыгынын кеңири чөйрөсүн, аларды мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулаганын президенттин администрациясынан билдиришет.

Садыр Жапаров бүгүнкү күндө эки тараптуу кызматташтык "стратегиялык өнөктөштүк" деңгээлине жеткенин канааттануу менен белгиледи. Ал бул сапар жана мамлекеттер аралык кеңештин жыйынын өткөрүү эки тараптуу мамилелерге жаңы дем берерине ишенимин билдирди.

Президент апрелде Азербайжанга болгон иш сапарынын алкагындагы бир катар макулдашуулар Биргелешкен өкмөттөр аралык комиссия аркылуу иш жүзүнө ашырылып, Ишкерлер кеңеши түзүлгөнүн, Гейдар Алиев атындагы мектеп жана "Кыргызстан менен Азербайжандын достугу" сейил багы биргеликте ачыла турганын баса белгиледи. Ошондой эле Кыргызстан боордош Азербайжан менен системалуу жана узак мөөнөттүү кызматташууга умтуларын, стратегиялык тармактарда олуттуу кызматташууга даяр экенин кошумчалады.

Өз кезегинде Азербайжандын президенти Ильхам Алиев Садыр Жапаровго кыргыз жергесинде жылуу кабыл алгандыгы жана меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирди.

Анын айтымында, мамилелердин мындай динамикасы эки өлкөнүн өз ара кызматташуу потенциалын өнүктүрүүгө чечкиндүү экенинен кабар берет.

Ильхам Алиев бул сапардан кийин да көптөгөн тармактарда кызматташууну тереңдетүүгө салым кошо турган келишимдер түзүлөт деп ишенет. Азербайжандын президенти белгиленген пландар кыска мөөнөттүн ичинде өз ара сооданын көлөмүн көбөйтүүгө мүмкүндүк берерин баса белгиледи. Ошондой эле Азербайжан Кыргызстанда инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар.

Мындан ары Мамлекеттик кеңештин отуруму кеңейтилген курамда улантылып, андан соң тараптар бир катар эки тараптуу документтерге кол коюшат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8821