Бишкекте Азербайжандын президентинин катышуусунда дагы бир мектеп ачылды
RU

Бишкекте Азербайжандын президентинин катышуусунда дагы бир мектеп ачылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 12-октябрда Бишкек шаарындагы Низами Гянджеви атындагы мектептин ачылыш аземи болду. Иш-чара Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапарынын алкагында уюштурулду.

Ачылыш аземде Садыр Жапаров менен Ильхам Алиев билим берүү мекемесинин имаратын көрүп чыгышты.

Окуу жайдын аянты 2031 чарчы метрди түзүп, 550 окуучулук орунга ылайыкталган. Мектепте класстардан тышкары чоң жыйындар жана спорттук залдар, ашкана, китепкана, мектептен тышкаркы иштер үчүн кабинеттер жана медициналык бөлүм, гимнастика аянтчалары, эс алуу зоналары жана аймагында унаа токтотуучу жайлар каралган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8837