Бишкектеги №20 мектеп-гимназияга Гейдар Алиевдин ысымы ыйгарылды
RU

Бишкектеги №20 мектеп-гимназияга Гейдар Алиевдин ысымы ыйгарылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 12-октябрда Бишкек шаарында №20 мектеп-гимназияга Гейдар Алиевдин ысымы ыйгарылды. Аталган билим берүү мекемесине Садыр Жапаров жана Азербайжандын президенти Ильхам Алиев катышты.

Садыр Жапаров бул мектептин пайдубалы эл аралык даражадагы тарыхый инсан, Азербайжандын улуттук лидери, Гейдар Алиевич Алиев тарабынан түптөлгөнүн белгиледи. Мамлекет башчы келечекте аталган мектептен Гейдар Алиев сыяктуу инсандар чыгат деген ишенет.

"Бул табигый көрүнүш, анткени ар бир мамлекеттин бүгүнкүсү жана келечеги сапаттуу билимге, алган билимин коомдун жыргалчылыгы үчүн колдоно билүүсүнө түздөн-түз байланыштуу", - деп баса белгиледи Жапаров.

Садыр Жапаров Ильхам Алиевге ыраазычылык билдирип, быйылкы жылы Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы мамилелер активдешип, стратегиялык өнөктөштүктүн жаңы деңгээлине чыкканын канааттануу менен баса белгиледи.

Андан соң өлкө лидерлери мектептин залдарын жана класстарын кыдырып чыгышты. Класстарды көрүү учурунда Азербайжандын президенти футбол тобуна кол коюп, окуучуларга белек кылды.

Өлкө лидерлери мектептин ашканасында башталгыч класстын балдары менен эртең мененки тамакта баарлашып, алар менен мектептин тамагынан даам сызышты.

Ардактуу меймандар үчүн мектептин окуучулары Кыргызстан менен Азербайжандын достугун чагылдырган ырларды окуп, ырдап, ошондой эле "Манас" эпосунан үзүндүлөрдү айтышты.

Садыр Жапаров менен Ильхам Алиев балдардын талантын белгилешип, алардын окууларына ийгиликтерди жана жаркын келечекти каалашты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8835