Ноокатта пара талап кылган сот аткаруучу кармалды
RU

Ноокатта пара талап кылган сот аткаруучу кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош облусунун Ноокат райондук сотунун сот аткаруучусу кармалды. УКМКнын маалымат кызматынан билдиришкендей, сот аткаруучу 14 миң сом пара алып жатканда колго түшүрүлдү.

Белгилүү болгондой, 17-октябрда УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан 343-берененин 1-бөлүгү (опузалап пара талап кылуу) боюнча комплекстүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлгөн. Анын алкагында Ноокат райондук сотунун сот аткаруучусу К.Т.А. мыйзамсыз курулушту бузуу боюнча чечимди оң жагына чечип берүү үчүн С.А. аттуу жарандан 500 доллар акча каражатын талап кылып, 14 миң сом алып жаткан учурда кармалды. Сот кызматкери учурда убактылуу кармоочу жайда.

Азыркы тапта сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тиешелүү адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Маршруткалардын иш таштоосу (193 статьи)
Евро көтөрүлүп жатат. 28-октябрдагы валюта курсу
28 Октябрь 2022, 13:49
Москвада Орозайым Нарматова менен активист Илгиз Шаменов кармалды
28 Октябрь 2022, 12:27
"Өлтүрүп салгыла" деди". Сабалган журналист окуянын чоо-жайын айтып берди
28 Октябрь 2022, 12:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8932