"Булар да кетет". Активист УКМКнын кызматкерлерине мыйзамсыз буйрукту аткарбоого чакырды
RU

"Булар да кетет". Активист УКМКнын кызматкерлерине мыйзамсыз буйрукту аткарбоого чакырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жарандык активист Тилекмат Күрөңов 22-октябрда саясий куугунтуктан улам Кыргызстандан чыгып кеткендигин, абакта отургусу келбегенин Kaktus.media сайтына билдирди. Ал "Кемпир-Абадды коргоо" комитетинин мүчөсү болгон.

Күрөңов өзүнүн видеокайрылуусунда укук коргоо органдарынын кызматкерлерине - ИИМ жана УКМКнын кызматкерлерине кайрылып, мыйзамсыз буйруктарды аткарбоого чакырды.

"Бул бийлик кетет силер каласыңар, үй-бүлөңөр калат, алар качып кетишет же түрмөгө отурушат, алардын мыйзамсыз буйругун аткарганыңар үчүн жооп бере турган убак келет", - деди активист.

Ал кошумчалагандай, кыргызстандыктар биригип, "Кемпир-Абад суу сактагычын" коргоп калыш керек.

"Кечээ активисттерди, саясатчыларды тинтүүгө алып, камакка алуулар болду, бийлик биздин сүйлөшүүбүздү жаздырып, монтаж кылып, бизди бийликти кулатууну, төңкөрүш жасоону көздөгөн адамдар катары ашкерелешти. Биз суу сактагычтын берилишине гана каршы болгонбуз", - деп баса белгиледи активист.

Ошондой эле ал Өзбекстандын маалымат каражаттары Кемпир-Абад боюнча келишим толугу менен алардын пайдасына чечилип жатканын белгиледи.

"Эгерде Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен өзбек элинин алдында беделин сактоо же кызматтан кетип, башы алына турган тандоодо болсо анда башсыз калганы жакшы. Бирок кыргыз жерине тийбеңиз. Өлкө Түндүк Кореяга, Түркмөнстанга айланбашы керек", - деп жыйынтыктады Куренов.

Эске салсак, 22-октябрда Өзгөндө өткөн Курултайдан кийин саясатчылар, саясий уюмдар, активисттер, саясий кыймылдар "Кемпир-Абадды коргоо" комитетин түзүшкөн. 23-октябрда эрте менен ушул түзүлгөн комитеттин бардык мүчөлөрүнүн үйүн тинтүү иштери жүрүп, убактылуу кармоочу жайга кармалган.

Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, бир канча саясатчы, кармалган активисттерге карата кылмыш ишин козгогон. Алар Массалык башаламандык уюштурууга даярданууда делип шектелүүдө.

Белгилей кетсек, бүгүн, 24-октябрда массалык кармоого, саясий кугунтуктоого каршы жарандар жөө жүрүшкө чыгышты.

Маршруткалардын иш таштоосу (193 статьи)
Евро көтөрүлүп жатат. 28-октябрдагы валюта курсу
28 Октябрь 2022, 13:49
Москвада Орозайым Нарматова менен активист Илгиз Шаменов кармалды
28 Октябрь 2022, 12:27
"Өлтүрүп салгыла" деди". Сабалган журналист окуянын чоо-жайын айтып берди
28 Октябрь 2022, 12:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9005