Кыргызстанда энергетикалык суусундуктарды пайдаланууга, жүгүртүүгө тыюу салуу сунушталды
RU

Кыргызстанда энергетикалык суусундуктарды пайдаланууга, жүгүртүүгө тыюу салуу сунушталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаты Улан Бакасов энергетикалык суусундуктарды пайдаланууга, жүгүртүүгө толук тыюу салууну сунуштады. Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сайтына коомдук талкууга коюлду.

Демилгечи депутаттын айтымында, долбоор жарандардын ден соолугун сактоого, энергетикалык суусундуктарды колдонуунун кесепеттеринен келип чыккан ооруларды азайтууга багытталган. Ал белгилегендей, энергетикалык суусундуктарды ашыкча пайдалануу олуттуу коркунучту жаратат.

"Кыргызстанда энергетикалык суусундуктарды жашы жете электерге сатууга тыюу салынган, алар жаш муундар үчүн жеткиликсиз болуп калды. Бирок энергетикалык суусундуктарды Кыргыз Республикасынын бойго жеткен жарандары арасында колдонуу маселеси чечилбей келет. Көбүнчө алар кандай тобокелчиликке барарын билишпейт. Мындай суусундуктарды ичүү менен алардын ден соолугуна зыян келтирилип жатат", - деп белгилейт Бакасов.

Ал энергетикалык суусундуктар табылса конфискациялоону, мыйзамсыз иштерден түшкөн кирешени республикалык бюджетке которууну сунуштоодо.

Мыйзам кабыл алынса талаптарды бузган адамдар мыйзамга ылайык жоопкерчиликке тартылат.

Маршруткалардын иш таштоосу (193 статьи)
Евро көтөрүлүп жатат. 28-октябрдагы валюта курсу
28 Октябрь 2022, 13:49
Москвада Орозайым Нарматова менен активист Илгиз Шаменов кармалды
28 Октябрь 2022, 12:27
"Өлтүрүп салгыла" деди". Сабалган журналист окуянын чоо-жайын айтып берди
28 Октябрь 2022, 12:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9026