Илон Маск айтылуу сепилде дүйнө жылдыздары менен кече өткөрдү
RU

Илон Маск айтылуу сепилде дүйнө жылдыздары менен кече өткөрдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Планетанын эң бай адамдарынын бири Илон Маск Хеллоуин майрамын утурлай Румыниянын Браш шаарындагы Бран сепилинде (уникалдуу архитектуралык жай, уламыштарга караганда Дракуланын сепили деп эсептелет) кече уюштурду.

Чет элдик басылмалар жазгандай, ал уюштурган кечеге көптөгөн топ-менеджерлер катышкан. Алардын арасында PayPalдын негиздөөчүсү, Google компаниясынын негиздөөчүлөрү бар. Андан тышкары майрамга Анжелина Жоли чакырылган.

Өз кезегинде Libertatea басылмасы Николас Кейж, Жонни Депп, Элис Купер жана Тим Бертон дагы сепилге тик учак менен жеткирилгенин жазды. Кечени уюштурууга атайын режиссёр дайындалган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9083