Тажикстандын куралдуу кол салуусунан жабыркагандардын дээрлик 19 млн сомдук насыясы жоюлду
RU

Тажикстандын куралдуу кол салуусунан жабыркагандардын дээрлик 19 млн сомдук насыясы жоюлду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ушул жылдын 14-17-сентябрында Тажикстандын куралдуу агрессиясынан жабыркаган баткендиктердин 18 миллион 883 миң сом суммасына барабар болгон 268 насыясы жоюлду. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук банкы билдирет.

Улуттук банк башкармасынын 2022-жылдын 6-октябрындагы "Баткен жана Ош облустарындагы куралдуу кагылышуунун натыйжасында жабыркаган коммерциялык банктардын, банк эмес жана адистештирилген финансы-кредит уюмдардын кардарларына колдоо көрсөтүү маселелери боюнча Улуттук банктын айрым чечимдери тууралуу" токтомунун талаптарынын аткарылышына мониторинг жүргүзүп турат.

"2022-жылдын 26-октябрына карата финансы-кредит уюмдарына 372 карыз алуучу кайрылган. 18 миллион 883 миң сом суммасына барабар болгон 268 кредит жоюлган, 20 миллион 885 миң сомго жеткен 64 кредит реструктуризацияланган", - деп айтылат маалыматта.

Азыркы тапта, финансы-кредит уюмдары жабыркаган карыз алуучулардан келип жаткан арыздардын бардыгын карап жатат жана банк мыйзамдарына ылайык тиешелүү чараларды көрөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9120