Тажикстандын куралдуу кол салуусу: Каза тапкандардын үй-бүлөсүнө миллион сомдон төлөнөт
RU

Тажикстандын куралдуу кол салуусу: Каза тапкандардын үй-бүлөсүнө миллион сомдон төлөнөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Тажикстандын куралдуу агрессиясынан Баткенде каза тапкандардын үй-бүлөсүнө миллион сомдон кенемте төлөнөт. Мындай чечим министрлер кабинети тарабынан кабыл алынып, бекитилди.

Маалым болгондой, куралдуу кол салууда жаракат алгандарда соттук-медициналык экспертизанын корутундусу болсо, аларга да компенсация төлөнүп берилет. Кенемтенин суммасы ден соолукка келтирилген зыяндын оордугуна жараша 100 000 сомдон 200 000 сомго чейин болот.

Бул жарлык жөнөкөй тургундарга гана тиешелүү экени белгиленет. Аскер кызматкерлерине жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине "Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарында кызмат өтөө жөнүндө" мыйзамдарына ылайык материалдык жардам көрсөтүлөт.

Белгилей кетсек, президенттин 2022-жылдын 17-сентябрында "Баткен жана Ош облустарынын административдик-аймактык бирдиктерин калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө" жарлыгы чыккан.

Маршруткалардын иш таштоосу (193 статьи)
Евро көтөрүлүп жатат. 28-октябрдагы валюта курсу
28 Октябрь 2022, 13:49
Москвада Орозайым Нарматова менен активист Илгиз Шаменов кармалды
28 Октябрь 2022, 12:27
"Өлтүрүп салгыла" деди". Сабалган журналист окуянын чоо-жайын айтып берди
28 Октябрь 2022, 12:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8979