WhatsApp тиркемесинде дагы бир жаңы функция пайда болот
RU

WhatsApp тиркемесинде дагы бир жаңы функция пайда болот

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Популярдуу WhatsApp тиркемесинде дагы бир жаңы функция пайда болот, тактап айтканда, колдонуучу өзүнө-өзү билдирүү жөнөтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Учурда тиркеменин иштеп чыгуучулары аталган функцияны сынап жатышат. Бул тууралуу WABetaInfo порталы билдиргендигин Lenta.ru жазып чыкты.

Маалыматта айтылгандай, колдонуучунун телефон номери менен Мен (Сен) деп аталган чат эми WhatsApp`тагы байланыштар тизмесинде жеткиликтүү болот. Өзүңүзгө билдирүү жөнөтүү үчүн ошол чатты тандоо жетиштүү. Колдонуучу өзүнө-өзү билдирүү жөнөтө ала турган функция мурда да бар болчу, бирок ал үчүн өзүңүздүн номерди конттакттардын катарына кошуу керек эле.

Жаңы функция iOS жана Android тиркемесинин колдонуучуларында пайда болот. Порталдын маалыматына таянсак, опция жакынкы күндөрү колдонуучулардын кеңири чөйрөсүнө жеткиликтүү болмокчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9131