Ватсаптан үн билдирүү жөнөтүү жеңилдейт. Жаңы функция
RU

Ватсаптан үн билдирүү жөнөтүү жеңилдейт. Жаңы функция

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ватсапты иштеп чыгуучулар аудио билдирүүлөргө пауза функциясын кошушту.

Бул функцияны колдонуу үчүн үндү жаздырып жатканда аны токтотуп коюп, кайра каалаган убакта улантса болот.

Колдонуучулар жазылган үнүн угуп эле тим болбостон, жөнөтүү алдында бир нече жолу оңдой дагы алышат.

Бул функция Android, iOS үчүн WhatsAppтын бета версиясында жеткиликтүү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7152