Кытайдан алына турган жаңы электробустардын видеосу
RU

Кытайдан алына турган жаңы электробустардын видеосу

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекке Кытайдан 120 электробус сатып алынат. Электр автобустары газ менен жүрөрүн Бишкек шаардык мэриясынан билдиришет.

Маалым болгондой, электр автобустары жеткирүүгө даяр. Учурда транспорттордун төлөмдөрү жүргүзүлүүдө, бир айдын ичинде жеткирилет. Электробустарга муниципалитеттин логотиби түшүрүлгөнүн кошумчалашты мекемеден.

Эске салсак, буга чейин 120 электробус жана 140 автобуска тендер жарыяланганын Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин директору Максат Нусувалиев айткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9296