Октябрдан тарта Бишкекте электр автобустар жүрө баштайт
RU

Октябрдан тарта Бишкекте электр автобустар жүрө баштайт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2022-жылдын октябрынан тарта, Бишкекте жаңы электр автобустары жүрө баштайт. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңештин сессиясында Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин директору Максат Нусувалиев билдирди.

Ал белгилегендей, электр автобустары боюнча жарыяланган тендердин жыйынтыгы болжол менен 1,5-2 айдан кийин чыгат. Бардык процедуралык учурлар үчүн дагы төрт ай талап кылынат.

"Электробустар 2022-жылдын октябрында иштей баштайт. Буга чейин 120 электробус жана 140 автобуска тендер жарыяланган", - деди Нусувалиев.

Эске салсак, буга чейин Бишкек шаарында, электр автобустарынын схемалары иштелип чыккан. Бирок, алар азырынча жок.

Азырынча бешөө гана бар. Маршруттар төмөнкүдөй болот:

  • "Ала-Тоо" конушунан - "Асанбай" кичи районуна чейин;
  • "Көлмө" конушунан - Көк-Жар айылына чейин;
  • Барпы Алыкулов көчөсүнөн - "Көк-Жар" конушуна чейин;
  • БНИЦТиО - "Арча-Бешик" аркылуу - № 2 автобазага чейин;
  • Көк-Жар айылынан - "Аламүдүн-1" кичи районуна чейин.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6276