Эльвира Сурабалдиева кесиптеши Чыңгыз Айдарбеков белгисиз болуп жатканын айтты
RU

Эльвира Сурабалдиева кесиптеши Чыңгыз Айдарбеков белгисиз болуп жатканын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Буга чейин УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалган депутат Чыңгыз Айдарбеков белгисиз болууда. Бул туурасында депутат Эльвира Сурабалдиева айтты.

"Чыңгыз Айдарбеков эч жерде жок болууда, таба албай жатабыз. Кечээтен бери байланышка чыга элек. УКМК үн катпай жатат", - дейт ал.

Белгилесек, 27-ноябрга караган түнү Чыңгыз Айдарбеков жана Эмил Жамгырчиевди кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы "Ак-Жол" көзөмөл-өткөрүү пунктунан атайын кызматтын кызматкерлери кармап кетишкен. Кийинчеээк Жамгырчиев коё берилгенин өзү билдирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9421