УКМК тарабынан кармалган депутаттар бошотулду
RU

УКМК тарабынан кармалган депутаттар бошотулду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаттары Эмил Жамгырчиев менен Чыңгыз Айдарбеков кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы "Ак-Жол" көзөмөл-өткөрүү пунктунда кармалган. Бул маалыматты укук коргоо органдарындагы өздүк булактар Kaktus.mediaга тастыкташты.

Кийинчерээк депутат Эмил Жамгырчиев Kaktus.media сайтына УКМКнын кызматкерлери тарабынан бошотулганын билдирип, башка маалымат берген жок.

Жогорку Кеңештин дагы бир депутаты Мирлан Самойкожо учурда он депутаттан турган топ түзүлүп, жакынкы күндөрү түзүлгөн кырдаал боюнча биргелешкен билдирүү жасашарын айтты.

Депутаттардын кесиптештери билдиргендей, Эмил Жамгырчиев менен Чыңгыз Айдарбеков Казакстанга сөөк коюуга бара жатышкан.

Эске салсак, Кемпир-Абад суу сактагычын өткөрүп берүүгө депутаттар Эмил Жамгырчиев менен Чыңгыз Айдарбеков да каршы добуш берген. Парламенттин өткөн жыйынында депутат Эльвира Сурабалдиева УКМК суу сактагычты өткөрүп берүүгө каршы добуш берген депутаттарга кысым көрсөтүп жатканын айткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9420