Буга чейин белгисиз болуп жаткан депутат Чыңгыз Айдарбеков табылды
RU

Буга чейин белгисиз болуп жаткан депутат Чыңгыз Айдарбеков табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Дайынсыз болуп жаткан депутат Чыңгыз Айдарбеков УКМКда эмес. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына анын кесиптештери билдиришти.

Алардын айтымында, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери кыргыз-казак чек арасынан өтүп жатканда депутатты кармашкан эмес.

"ММКда туура эмес маалыматтар тарап кеткен. Айдарбеков чек арадан кармалган эмес, азыр ал чет өлкөдө", - деп айтылат парламенттин маалыматында.

Буга чейин, Айдарбеков кесиптеши Эмил Жамгырчиев менен 26-ноябрдан 27-ноябрга караган түнү кыргыз-казак чек арасынан өтмөкчү болгондо, "Ак-Жол" постунан токтотулганы айтылган. Алар Казакстанга сөөк коюуга бара жатышкан.

Кийинчерээк аларга атайын кызматтын кызматкерлери келип, УКМКга алып кетишкен. Жамгырчиев бир канча убакыттан кийин мамлекеттик комитеттин имаратынан чыгып кеткен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9427