Депутат Кемпир-Абад маселесинен улам комитет төрагалыгынан кетти
RU

Депутат Кемпир-Абад маселесинен улам комитет төрагалыгынан кетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Медербек Алиев Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар боюнча комитетине төрагалык кылуудан баш тартуу боюнча арыз жазды. Эл өкүлү бул туурасында жыйында билдирди.

Ал ар бир чечимдин өз убагы жана себеби болорун белгиледи.

"Бул менин жеке чечимим, эч ким мажбурлаган жок. Себептердин бири Кемпир-Абад боюнча келишим долбоору болду. Мен бул комитетти бир жыл жетектедим. Таза иштеп, коррупцияга аралашпай, милдетимди так аткардым", - деди ал.

Медербек Алиев кыргыз аткаминерлери, депутаттары бийликти мактагандар жана бийликке сын айткандар болуп экиге бөлүнөрүн айтат.

"Мен үчүнчүсү болгум келип жатат - альтернативдүү ой жүгүрткөн саясатчы", - деп белгиледи.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9453