Президенттин тапшырмасы менен ипотекага бериле турган үйлөрдү куруу башталды
RU

Президенттин тапшырмасы менен ипотекага бериле турган үйлөрдү куруу башталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президенттин иш башкармалыгы ипотекага берилүүчү көп кабаттуу үйлөрдүн курулушун баштады. Бул туурасында президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирип, үйлөрдүн долбоорун көрсөттү.

"Айтылган убада узакка созулбай президенттин иш башкармалыгы Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен көп кабаттуу үйлөрдү курууну баштады", - дейт Орунбеков.

Буга чейин Элдик курултайдын жүрүшүндө Садыр Жапаров ички жана тышкы миграцияны токтотуу боюнча планы бар экенин, пайыздык чени 14 пайыздан 4 пайызга чейин төмөндөтүлгөн ипотекага үй алууга мамлекет шарт түзө турганын белгилеген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9456