2 күнгө созулган Элдик курултай жыйынтыкталды
RU

2 күнгө созулган Элдик курултай жыйынтыкталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда 25-26-ноябрь күндөрү Бишкекте өткөн биринчи Элдик курултай аяктады.

Курултайдын ишинин жыйынтыгын чыгарып жатып, Садыр Жапаров делегаттар көтөргөн темалар чечим чыгаруунун кайсы баскычында экенине кеңири токтолду.

  • коңшу мамлекеттердин ортосундагы чек ара маселелери кандай чечилип жатканын, миграцияга, мамлекеттик системадагы коррупцияга, мамлекеттик ипотекалык насыяга, социалдык объектилердин курулушуна жана абалына, жеңилдетилген насыяларга, өлкөнүн бюджетинин кирешелер бөлүгүн толуктоого байланышкан маселелер боюнча;
  • өлкөдөгү кендерди иштетүүгө байланыштуу мүмкүн болгон тобокелдиктер, армиядагы шарттарды чыңдоо жана жакшыртуу;
  • мамлекеттик чек ара маселелери сүйлөшүү жолу менен гана чечилерин;
  • учурда Кыргызстандын Улуттук банкында 40 тоннага жакын "Кумтөр" алтыны сакталып турганын;
  • мамлекеттик системадагы кадр саясаты, кармалган активисттер, мамлекеттик казынага кайтарылган миллиарддаган сомдор, чет мамлекеттерде жазасын өтөп жаткан 900 кыргызстандыкты экстрадициялоо боюнча айтып берди;
  • сунуштардын жана сын-пикирлердин негизинде министрлер кабинетине, мамлекеттик органдарга делегаттар тарабынан айтылган маселелерди чечүү боюнча өз убагында тийиштүү чараларды көрүү тапшырылды.

Жыйынтыгында Садыр Жапаров Курултайдын катышуучуларына, бардык жарандарга кайрылып, өлкөдөгү өздөрү күбө болгон мыйзам бузуулар тууралуу коркпой, ачык айтууну өтүндү.

Биринчи Элдик курултайдын жыйынтыгы менен резолюция кабыл алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9419