УКМК депутат Эмил Жамгырчиевдин белгисиз болуп жатканын айтты
RU

УКМК депутат Эмил Жамгырчиевдин белгисиз болуп жатканын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиевдин үйүнөн жана унаасынан аудио-видео жазуучу жабдыктар табылганын кесиптеши Жанар Акаев айткан. УКМК бул маалыматты текшермекчи болгон. Бирок Жамгырчиевдин жүргөн жери дайынсыз болуп жатканын айтышат коопсуздук кызматынан.

"Жанар Акаевдин сөзүнөн кийин 30-ноябрда УКМК тарабынан текшерүү жүргүзүлдү. Акаевдин аудио-видео жазуучу жабдыктар качан табылганы тууралуу маалыматы жок экени аныкталды. Ошондой эле ал сөз болуп жаткан техниканы көрбөптүр. Бул тууралуу ал Жамгырчиевдин жардамчысынан уккан. Учурда депутат Эмил Жамгырчиевдин жүргөн жери белгисиз", - деп айтылат маалыматта.

УКМК аудио-видео жаздыруучу аппараттардын орнотулушунун себебин жана ким койгонун аныктоо, ошондой эле депутаттын кызыкчылыгын коргоо максатында текшерүү жүргүзүүгө даяр экенин кошумчалады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9465