Чолпон Султанбекова конституциялык мыйзамдар комитетинин төрайымы болду
RU

Чолпон Султанбекова конституциялык мыйзамдар комитетинин төрайымы болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Парламент жыйынында депутаттар Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин төрайымын шайлашты.

Аталган тармактык комитеттин төрайымы "Ишеним" парламенттик фракциясынан Чолпон Султанбекова болду. Жашыруун добуш берүүнүн негизинде 81 депутат колдоду.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынды.

Эске салсак, 30-ноябрда депутат Медербек Алиев аталган комитеттин төрагалыгынан өз каалосу менен кеткен. Ал буга Кемпир-Абад маселеси себеп болгонун айткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9474