Депутаттар мамлекет сатып алган селитранын мөөнөтү өтүп кеткенин сынга алышты
RU

Депутаттар мамлекет сатып алган селитранын мөөнөтү өтүп кеткенин сынга алышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы Аманкан Кенжебаев айыл чарба министринин орун басарына кайрылып, дыйкандарды селитра менен камсыз кылуу маселесине кызыкты. Ошондой эле депутаттар Алишер Эрбаев, Балбак Түлөбаев жана Султанбай Айжигитов бул маселени көзөмөлгө алууну сунушташты.

Эл өкүлдөрү аммиак селитрасынын кепилденген сактоо мөөнөтү аяктаганын, мамлекет тарабынан сатып алынган жер семирткич касиетин жоготконун айтып, сынга алышты.

Айыл чарба министринин орун басары изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча селитранын физикалык касиеттери өзгөргөнү менен азоттун көлөмү белгиленген деңгээлде - 34% сакталганын айтты.

Ал эми айыл чарба министри Мурат Байдылдаев селитранын баасы 46 сомдон 30 сомго арзандаганын, тиешелүү мекемелерге селитранын 1 килограммын 30 сомдон сатуу боюнча кат жөнөтүлгөнүн белгиледи.

Айыл чарба министрлигинин дагы бир өкүлү доллардын кымбаттаганына байланыштуу селитранын баасы алгач 49-52 сом болсо, кийин Монополияга каршы кызматтын аракети менен 46 сомго чейин түшүрүлгөнүн кошумчалады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9504