Чүйдө улакчынын жансыз денеси табылды
RU

Чүйдө улакчынын жансыз денеси табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүй облусунун Жайыл районунда улакчынын жансыз денеси арыктан табылды. Бул туурасында облустук ички иштер башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 3-декабрда милицияга Жайыл районунун Орто-Суу айылында эркек адамдын жансыз денеси жатканы жөнүндө маалымат түшкөн.

Ыкчам тергөө тобу каза болгон адам Жайыл районунун Айдарбек айылынын 1987-жылы туулган Дж.Б. аттуу тургуну экендигин такташкан.

Окуя боюнча айрым тургундар суралган. Алардын айтымында, Дж.Б. 2-декабрда Орто-Суу айылында тойдон кийин өткөн көк бөрү оюунуна катышкан. Оюнда жүргөн адамдар Дж.Б. мас абалында болгонун айтышкан.

Өлүмдүн эмне себептен келип чыгуусун тактоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалып, маркумдун денеси Жайыл районунунун соттук-медициналык бөлүмчөсүнүн экспертерине жөнөтүлгөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9515