Сокулукта тоого кеткен аңчынын жансыз денеси табылды
RU

Сокулукта тоого кеткен аңчынын жансыз денеси табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Сокулук районунда тоого кеткен 50 жаштагы аңчынын сөөгү бүгүн, 2-декабрда табылды. Бул туурасында ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Сокулук районуна караштуу Төш-Булак айылындагы "Кичи-Тоо" тоосунан изделип жаткан З.Д. аттуу аңчынын сөөгү куткаруучулар тарабынан табылып, анын сөөгү атайын альпинисттик шаймандардын жардамы менен тоодон түшүрүлдү.

Буга чейин Чүй ОИИББдин маалымат кызматынан аңчыны издөө иштери улантылып жатканын кабарлашкан.

28-ноябрда милицияга Александра Забунова кайрылып, жолдошу Дмитрий Забунов дайынсыз болуп жатканын айткан. Бул факты каттоого алынып, териштирүү башталган.

Окуя 27-ноябрда болгон. Анда Забунов Б.А. аттуу таанышы менен таң эрте аңчылыкка кеткен. Ошол эле күнү саат 17:30 чамасында аңчылар "Кичи-Тоо" тоосунан теке атышкан. Алар олжосун алуу үчүн тоого чыгышкан. Ошол учурда Забунов дайынсыз болуп кеткен. Кеч кирип кеткенине байланыштуу Б.А. тоодон түшүп, шериги дайынсыз болуп кеткени боюнча маалымат берген.

Буга чейин Забуновдун жакындары ӨКМнын кызматкерлери издөө иштерин активдүү жүргүзбөй жатат деп нааразы болушкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9481