ЖКнын комитети экс-президенттерди артыкчылыктарынан ажыратууну жактырды
RU

ЖКнын комитети экс-президенттерди артыкчылыктарынан ажыратууну жактырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети экс-президенттерди артыкчылыктарынан ажыратуу боюнча мыйзам долбоорун карады.

Жеңишбек Токторбаев демилгелеген мыйзам долбооруна ылайык, жогорку кызмат адамдары – парламенттин төрагасы, министрлер кабинетинин төрагасы, башкы прокурор, Жогорку соттун жана Конституциялык соттун жетекчилери мамлекеттик резиденцияда жашап жаткан учурда коммуналдык төлөмдөрдү өз эсебинен төлөө сунушталат.

Мындан тышкары экс-президенттер мамлекеттик дачалардан жана байланыш кызматынан акысыз пайдалануу укугунан ажыратылат. Коопсуздук үчүн да өздөрү төлөшү керек болот.

Токторбаев ошондой эле экс-президент жаңы шайланган президент кызматка киришкен учурдан тартып бир айдын ичинде мамлекеттик резиденциянын аймагында жайгашкан кыймылсыз мүлк объектилерин пайдаланууну токтото турган ченемди сунуштоодо.

"Сумкаңарды алгыла да кеткиле! Мыйзам кабыл алынса, ал кийинки президенттерге тиешелүү болот. Азыркы экс-президенттерге эч кандай таасири тийбейт", - деп белгиледи депутат.

Дастан Жумабеков президенттер артыкчылыктарынан ажыратыларын билгенден кийин кызматта турганда кылмышка, анын ичинде коррупцияга барышы мүмкүн деген оюн айтты.

Ал эми Нурлан Азыгалиев президенттердин бардык жашыруун документтерге уруксаты бар экендигин, андыктан экс-президенттер мамлекет тарабынан коргоого алынышы керектигин белгиледи. Дастан Бекешев мыйзам экс-президент Сооронбай Жээнбековго иштебей турганын адилетсиз деп эсептейт.

Талкуунун жыйынтыгында комитет мүчөлөрү мыйзам долбоорунун концепциясын жактырышты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9516