Отунбаева менен Жээнбековду айрым артыкчылыктарынан ажыратууну эл өкүлү сунуштады
RU

Отунбаева менен Жээнбековду айрым артыкчылыктарынан ажыратууну эл өкүлү сунуштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Экс-президенттер Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбековду айрым артыкчылыктарынан ажыратуу сунушталды. Мындай демилгени депутат Жеңиш Токторбаев көтөрүп, "Президенттин ишмердигинин кепилдиктери жана экс-президенттин статусу жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Токторбаев мыйзам долбоору бюджеттик каражаттарды рационалдуу колдонууга багытталарын белгилеген.

Документке ылайык, экс-президенттерди төмөндөгүдөй артыкчылыктардан ажыратуу сунушталууда:

  • Жаңы президент ишке киришкенден кийин бир айдын ичинде мамлекеттик резиденцияны пайдаланууну токтотуу;
  • Мамлекеттик дачалардын бирин өмүр бою пайдалануу укугунан ажыратуу;
  • Өмүр бою мамлекеттик кайтарууда болуусунан ажыратып, жан сакчыларды өз эсебинен каржылоо;
  • Экс-президентти, жубайын жана жашы жете элек балдарын акысыз медициналык тейлөөнү алып салуу;
  • Мамлекетке караштуу телефон, интернетти акысыз колдонуу, почта жана телеграф жөнөтүүлөрдү өкмөттүк разрядда тейлөө беренесин жокко чыгаруу.

Азыркы мыйзам боюнча экс-президент макамына ээ болгондор жогорудагылардын барын пайдаланууга укуктуу. Ал эми депутат сунуштаган мыйзам долбоорунда бир гана пенсия жана маяна өзгөртүүсүз калган. Анын өлчөмү президенттин айлыгынын 75 пайызына барабар.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8058