10 миң доллар жетпей калган. Алессандро Сафина эмнеге ырдабай койгону белгилүү болду
RU

10 миң доллар жетпей калган. Алессандро Сафина эмнеге ырдабай койгону белгилүү болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Италиялык опера ырчысы Алессандро Сафинанын Бишкектеги концерти эмнеге үзгүлтүккө учураганы боюнча Абдылас Малдыбаев атындагы кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын директору Алмазбек Истамбаев түшүндүрмө берди.

Истамбаев белгилегендей, концертти уюштуруу иштерине театрдын тиешеси жок. Уюштурууну "Керемет дүйнө" коомдук фонду колго алган. Аталган фонд буга чейин Алессандро Сафинаны ушул жылдын август айында алып келген. Ал эми опера жана балет театры бир нече жылдан бери "Керемет дүйнө" фонду менен кызматташат.

"Концерттин үзгүлтүккө учурашына театрдын тиешеси жок, биз залды ижарага бергенбиз. "Керемет дүйнө" фонду биз менен залды ижарага алуу боюнча келишим түзгөн. Ага ылайык, биз тараптан милдет болгон бардык талаптарды аткардык. Уюштуруучулар кызматыбыз үчүн төлөмдү толук төлөп беришти", - дейт ал.

Опера жана балет театрынын директору кошумчалагандай, Алессандро Сафина концерт башталганга чейин симфониялык оркестр менен даярданган.

"Уюштуруучулар саат 19:00дө театрдын эшигин ачпай, эч кимди киргизбөөнү айтышты. Саат 19:30да продюсер уюштуруучулар келишимдин шарттарын аткарбаганын айтты. Анын артынан ырчы чыгып, концерт болбой турганын ырастады.

Мен уюштуруучуларга чалсам ырчынын гонорарына 10 миң доллар жетпей жатканын айтышты. Тааныштарыма чалып, акча издей баштадым. Концертке досум келген, анын жанында 10 миң доллар бар экен. Биз ал акчаны ырчыга бергенибизде ал моралдык зыян жөнүндө сөз баштады. Туура эмес кылды. Кандай гана улуу артист болбосун, көрөрмандары суранса ырдап бериши керек", - деди ал.

Белгилей кетсек, кечээ, 8-декабрда Бишкекте италиялык белгилүү опера ырчысы Алессандро Сафинанын концерти белгиленген. Бирок италиялык тенор сахнага чыгып музыкалык кечеси болбой турганын, уюштуруучулар анын талаптарын аткарбаганын айткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9557