Италиялык опера ырчысы Бишкектеги концертинде ырдоодон баш тартты. Видео
RU

Италиялык опера ырчысы Бишкектеги концертинде ырдоодон баш тартты. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 8-декабрда Бишкекте италиялык белгилүү опера ырчысы Алессандро Сафинанын концерти өтмөк. Бирок ал сахнага чыгып ырдоодон баш тартты. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына көрүүчүлөр тарабынан белгилүү болду.

Алардын айтымында, концерт Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында симфониялык оркестрдин коштоосунда өтмөк. Алессандро Сафина концерти промоутер анын талаптарын аткарбаганы үчүн болбой турганын айтты.Ал көрүүчүлөргө бир чыгармасын аткарып берди.

"Абдан өкүнүчтүү. Мен азыр абдан ачууланып, кыжырданып жатам", - дейт ал.

Окурмандар театрдын залы 90% толуп калганын белгилешүүдө.

Белгилей кетсек, алдыңкы катардагы билеттин баасы 13 миң сом экенин көрүүгө болот.

Бул окуядан кийин уюштуруучулардын бири залга чыгып, көрүүчүлөрдү кассага чакырды. "Кассага барыңыздар, акчаны кайтарып беребиз. Тилекке каршы ушундай болуп калды", - деген уюштуруучу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9538