Буга чейин белгисиз болуп жатканы айтылган депутат Жамгырчиев өргүүгө чыккан
RU

Буга чейин белгисиз болуп жатканы айтылган депутат Жамгырчиев өргүүгө чыккан

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев эмгек өргүүгө чыкты. Ал атасынын саламаттыгына байланыштуу өргүү алганын парламенттеги комитет жыйынында Сүйүн Өмүрзаков билдирди.

Ал белгилегендей, Жамгырчиев Жогорку Кеңештин төрагасына кат менен кайрылган.

"Катта атасынын катуу ооруп жатканына байланыштуу өргүүгө чыгууга уруксат сураганы жазылган. Мындн улам ал жыйындарга катышкан жок", - дейт Өмүрзаков.

Эске салсак, депутат Жанар Акаев Эмил Жамгырчиевдин үйүнөн жана унаасынан аудио-видео жазуучу жабдыктар табылганын, өзү белгисиз болуп жатканын айткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9593