Таксисттер лицензия менен иштөөгө милдеттендирилет. Дагы кандай чектөөлөр бар?
RU

Таксисттер лицензия менен иштөөгө милдеттендирилет. Дагы кандай чектөөлөр бар?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда таксисттер лицензия алууга милдеттендирилет. Бүгүн, 13-декабрда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин кезектеги жыйынында "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндөгү" мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр биринчи окууда каралды.

Талкуу маалында депутат Русланбек Жакышов 2009-жылы жеңил автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташуу ишмердигин лицензиялоо алынып салынганын эске салып, эми кайра киргизилишинин себебине кызыкты.

Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов жеңил унаалар менен жүргүнчүлөрдү ташуу ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө жана жол кырсыктары арбын болуп жаткандыгы менен түшүндүрдү.

Анын айтымында, лицензия алуу үчүн бир нече эрежелерди сактоо керек:

  • айдоочунун үч жылдык тажрыйбасы болушу керек;
  • унаасынын техникалык көзөмөлдөн өткөндүгүн тастыктаган маалымат;
  • айдоочунун патенти, камсыздандыруусу жана Соцфондго чегерүү болушу керек;
  • шарттарды аткаргандар бир жылга лицензия алат;
  • лицензиясы жок иштесе, жеке жактар 7500 сом, юридикалык жактар ​​3000 сом төлөшөт; мыйзам бузса, жеке жактар 5500 сом, юридикалык жактар 17000 сом айып төлөшөтт; Лицензия жеке тарапка 500 сом, фирмаларга 1000 сом болот.

Талкуунун соңунда мыйзам долбоорунун концепциясы жактырылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9594